13:34
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Ак-Кеменин» коопсуздук кызматынын жетекчисин тез жардам алып кетти

«Ак-Кеменин» коопсуздук кызматынын жетекчисин тез жардам алып кетти. Бул тууралуу «24.kg» агентигине отелдин президенти Руслан Сарымсаков кабарлады.

Анын айтымында, милиция отелди басып алган кезде 58 жаштагы Сраждин Ормонов имаратта болчу. Бир нече мүнөт мурда аны тез жардам кызматы алып кетти. Руслан Сарымсаковдун билдирүүсүндө, Сраджин Ормоновдун жүрөгү кармап калган.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын күзүндө өткөн эки аукциондо тең «Ак-Кеме» сатылбай калган. Анда Каржы министрлиги мейманкана анын карамагына өткөндүгүн жарыялаган.

Отелдин баштапкы баасы — 955 миллион 805 миң сом. Экинчи сатыкта наркы 10 пайызга арзандаган.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери отелди курчоого алып, ичиндеги кызматкерлерин тышка чыгарышкан.

Сот департаментинен «Ак-Кемеден» Каржы министрлигине 452 миллион 487 миң сом өндүрүмү чечими бар экенин айтышты.

Эң көп окулган жаңылыктар