Жаш комузчулардын «Санат» тобу Сочиде өткөн фестивалда Гран-прини жеңип алды. Бул боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлайт.
Маалыматта комузчулар өзгөчө чеберчилиги үчүн сыйлыкка татыгандыгы айтылат. Топтун ырчысы Бурханбай кызы Аделя дагы биринчи орунду алган.