11:19
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Айдоочулардан түшкөн айып пулдун өлчөмү жашыруун сыр болуп эсептелет

Жол эрежесин бузгандыгы үчүн төлөнгөн айыптар жашыруун сыр болуп эсептелет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында айтылды.

Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун айтымында, Бишкек шаарындагы автоунаа базарынын жанындагы видеокамералардын бирөөсүнөн 10 миллион сом түшөт.

Төрага депутатка айып пулдардын көлөмү боюнча так маалымат бере алган жок.

«ИИМге байланыштуу баардык материалдар жашыруун. Айып пул боюнча маселе татаал. Анткени, аны топтоо кыйын», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар