11:07
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Туристтердин коопсуздугун 3 миң тартип сакчысы камсыз кылат

Ысык-Көлдөгү туристтердин коопсуздугун 3 миң тартип сакчысы жана 800 ыктыярчы камсыз кылат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлайт.

Коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Бостери айылында ыкчам штаб түзүлдү. Ал жарандардын арыздарын жана кайрылууларын 24 саат кабыл алып турушат.

Милициянын курамы кырдаалга жараша дагы көбөйтүлүшү мүмкүн.

ИИМдин билдирүүсүндө, Кордай (Казахстан) — Бишкек, «Манас» абамайданы — Бишкек, Бишкек — Балыкчы — Чолпон-Ата — Каракол өткөрүү пунтктарына жана жолдоруна патрулдук милиция коюлат.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби