09:13
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Түркмөнстан Азия-2017 оюндарына жеке гиди менен келгендерди гана өлкөгө киргизет

Чет өлкөлүк жарандар Азия-2017 оюндарына гиддин коштоосунда келүүлөрү керек. Азия оюндарынын Аткаруучу комитетинин сайтында түркмөн визасын берүү тартиптери жарыяланды.
Маалыматта туристтер гиддердин коштоосунда келүүсү керектиги жазылган. Бардык чыгымдарды саякатчы өзү көтөрөт.

Бул жаңы эреже эмес. Түркмөнстандын миграция кызматы чет элдик жарандарга виза берүүдө ар дайым гиддин болушун талап кылат. Гид туристти коштоп жүрүүгө, алдын ала макулдашылган каттамдарды сактоого, сүрөт жана видеого тартууну көзөмөлгө алууга милдеттүү.

Азия оюндары быйыл 17-27-сентябрда Ашхабадда өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар