03:27
+27
USD 68.74
EUR 80.70
RUB 1.16
Кыргызча

Кыргызстандык Магнитогорск шаарындагы оорууканага ок жараты менен келип түштү

Кыргызстандык Магнитогорск шаарындагы оорууканага ок жараты менен келип түштү. Бул тууралуу Россиянын ЖМКлары маалымдайт.

Окуя 4-июнда саат 9.00 болгон. «Каур» ишканасынын директору менен 30 жаштагы Кыргызстандын жараны айтыша кетет. Ишкана жетекчиси мылтыгын алып чыгып, мигрантка карай эки ок аткан. Ок кыргызстандыктын бутуна тийген.

Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар