Ош облусунун Өзгөн районунун жер көчкү жүргөн Аюу-Сай айылында 43 чатыр жана 22 убактылуу турак жай орнотулду. Анда айылдын 86 тургуну жашап жатат. Дагы 15и туугандарыныкында жайгашышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы Аюу-Сай айылынын башчысы Гафур Бадалбаевге шилтеп билдирет.
Эскерте кетсек, 29-апрелде Өзгөн районун Зергер айылдык аймагынын Аюу-Сай айылында жер көчүп, 24 адам каза тапты.
Ош шаарынын мэриясы бир тонна ун, 3,7 тонна макарон, таттуулар,