07:00
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Аида Салянованын ишин кароо Ленин райондук сотуна өткөрүлүп берилди

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага Кылмыш кодексинин 304 беренеси боюнча козголгон иш, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан Ленин райондук сотунун кароосуна өткөрүлүп берилди. Мындай сунушту айыпталуучунун жактоочусу Чынара Жакупбекова көтөргөн. Жактоочунун билдирүүсүндө, кылмыш Ленин районунун аймагындагы Юстиция министрлигинде болгондуктан, Биринчи май районунда кароо туура эмес.

Ал эми прокуратура жактоочунун доосун четке кагып, юстиция министрлиги кезинде Аида Салянова Алексей Елисеевдин адвокаттык лизенциясын кайсы жерде узартып бергендиги такталбагандыгын билдирди.

Сот Аида Салянованын баш коргоо чарасы сот өзгөртүүсүн калтырды. Депутат өлкөдөн чыга албайт.

Эң көп окулган жаңылыктар