00:18
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бүгүн мектептерде акыркы коңгуроо кагылат

2 миң 200дөн ашык мектепте бүгүн акыркы коңгуроо кагылат.

Билим берүү министрлигинин маалыматында, быйыл 92 миң окуучу 9-классты, 62 миң бала 11-классты аяктайт.

Билим берүү министрлигинин буйругу менен мектептерде бүтүрүү кечелерин кафе, ресторан жана башка эс алуу жайларында уюштурууга, салтанат кечелерине акча топтоого тыюу салынды. Ал үчүн мектеп администрациясы, класс жетекчиси жана ата-энелер комитети жоопту.

Бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун 4 миңден ашык тартип сакчысы көзөмөлдөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар