00:49
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргыз-өзбек чек арасындагы мыйзам бузуулардын саны 1,5 эсеге өстү

Былтыркыга салыштырмалуу акыркы алты айдын ичинде кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» бекети аркылуу өткөндөрдүн арасында мыйзам бузгандар 1,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу аталган бекеттин башчысы Нурлан Аттокуров билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын алгачкы алты айында «Достукта» чек арадан өтүү тартиптерин бузган 49 киши кармалса, быйыл алардын саны 60ка жетти.

«Акыркы алты айдын ичинде «Достук-Автожол» бекетинин чек арачылары жалпы баасы 51 652 000 сомду түзгөн аткез товарларды кармады. Алардын арасында алтын жана чет өлкөлүк валюталар да бар», — деди Аттокуров.

Ал бүгүнкү күндө аталган бекет аркылуу суткасына эң аз дегенде 15 миң, көп дегенде 22,5 миң киши жана 300дөн ашык автоунаа өтүп жатканын кошумчалады.

«Туристтик мезгил башталгандан кийин Өзбекстандан Кыргызстанга өткөндөр көбөйдү. Мындан тышкары чек арадан транзит менен өтүп, Ош аэропортунан учкан кишилер көп болууда», — деди чек ара бекетинин башчысы.

Расмий маалыматтарга ылайык, акыркы жарым жылдын ичинде «Достук» бекети аркылуу чек арадан 2 800 000 киши жана 68 миңден ашык автоунаа өткөн.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз чек ара бекети иштейт. Май айында Кыргызстадын Чек ара кызматы Жалал-Абад облусундагы «Бекабад», Ош облусундагы «Карабагыш» жана «Кара-Суу» бекеттерин ачууга даярдык көрүлүп жатканын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар