17:42
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Өлкө өндүрүмүн Кытайга экспорттоону өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюлду

Ата мекендик продукцияны Кытайдын рынокторуна экспорттоону өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Меморандумга Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы, JIA бизнес ассоциациясы жана Кыргызстандын мөмө өстүрүүчүлөр ассоциациясы кол коюшту.

 Тараптар Кытай рынокторуна ата мекендик продукцияны экспорттоону өнүктүрүүгө жана илгерилетүүгө биргелешип көмөктөшүүнү макулдашты.

«Атап айтканда, тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзгөн ата мекендик ишкерлерди коргоонун жана колдоонун натыйжалуу механизмин такай камсыз кылуу. Бизнес маалыматын алмашуу, анын ичинде эл аралык соода жана экспорттук маалыматтар, аналитикалык серептер жана рыноктук изилдөөлөрдүн натыйжалары. Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан бардык маселелер боюнча өз ара консультацияларды камсыз кылуу. Экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүү жана кеңейтүү максатында улуттук жана эл аралык көргөзмөлөрдү, жарманкелерди, симпозиумдарды жана конференцияларды, ошондой эле бизнес-форумдарды, пресс-конференцияларды жана семинарларды жана башка ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүүгө же аларга катышууга көмөк көрсөтүү каралды», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
10-октябрь, бейшемби