Вьетнамдын Да Нанг шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча (U-17 жана U-23) Азия чемпионатынан Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Ала-Тоо балбандарын «Ак жол» өткөрүү пунктунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Канатбек Молдалиев, федерациясынын өкүлдөрү, агенттиктин кызматкерлери жана спортсмендердин жакындары тосуп алышты.
Эскерте кетсек, спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты Вьетнамда 23-31-май аралыгында өткөрүлүп жатат.

