10:21
USD 87.45
EUR 101.69
RUB 1.23

ЕАЭБде электрондук сооданын көлөмү 110 миллиард долларга өстү

Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) электрондук сооданын жүгүртүүсү 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 110 миллиард долларга өстү. Бул тууралуу журналисттерге Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Данияр Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, бул биримдиктеги жалпы чекене сооданын 17 пайыздан ашыгын түзөт.

«Биз бул багытта чоң потенциалды көрүп жатабыз, ошондуктан ЕЭК Коллегиясы Бажы кодексинин алкагында да, ички соода чөйрөсүндө да бул секторду эсепке алуу жана жөнгө салуу үчүн ченемдик базаны түзүүнүн үстүндө иштеп жатат», — деди Данияр Иманалиев.

Ошондой эле бирдиктүү бажы транзиттик тутуму жөнүндө макулдашууга кол коюлганы, навигациялык пломбалар механизминин ишке киргизилгени жана ЕАЭБдеги процесстерди масштабдуу санариптештирүү иштери белгиленди.

Данияр Иманалиев бүгүнкү күндө 19 технологиялык платформа иштелип чыкканын жана алардын иши колдоого алынарын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар