08:58
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Бишкек башкы архитектуранын жетекчиси Асхат Түлөбердиев үй камагына чыгарылды

«Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын коррупция фактысы менен кармалган жетекчиси Асхат Түлөбердиев үй камагына кое берилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Мындай бөгөт чараны баш калаанын биринчи май райондук соту чыгарган. Асхат Тулөбердиев саат 21:00дөн эртең мененки 6:00гө чейин үйүндө болушу керек. Ал 2021-жылдын 24-февралына чейин үй камагында болот. Агенттик соттон бул маалыматты тастыкташканын жазат.

Эскерте кетсек, аткаминердин кармалганы тууралуу 24-декабрда маалым болгон. Ал 2017-жылы жер тилкелерин берүүдө жасалма аукциондорду өткөрүү ишине катыштыгы бар деп айыпталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар