01:48
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстандан Россияга учуп кетүү эрежеси боюнча түшүндүрмө берилди

Россиянын Кыргызстандагы элчилиги РФке учуп кетүү эрежеси боюнча түшүндүрмө берди. Буга жарандардан көп кайрылуулар түшүп жатканы себеп болгон.

Россияга «Аэрофлот» (Бишкек — Москва, Ош — Москва), «Сибирь» (Бишкек — Новосибирск, Ош — Новосибирск, Ош — Москва), «Уральские авиалинии» (Бишкек — Москва, Бишкек — Санкт-Петербург, Бишкек — Красноярск, Ош — Москва, Ош — Санкт-Петербург, Ош — Нижневартовск, Ош — Красноярск, Ош — Казань, Ош — Самара), «Азимут» (Бишкек — Ростов-на-Дону) жана «Авиа Траффик» (Бишкек — Москва) каттамдары каттайт.

Россиялыктар Кыргызстандан мекенине эч кандай чектөөсүз учуп кете алышат. Бирок Россияга кирүү үчүн ал жактын жарандары төмөнкү талаптарды аткарышы керек:

  • мамлекеттик кызматтар боюнча порталда жайгашкан атайын форманы учуп кеткенге чейин толтурушу шарт (билет алганда толтурса болот, бирок каттамга катталганга чейин аны бүтүрүшү керек);
  • Россияга барганга чейинки үч күндүн ичинде коронавируска тест тапшырып, анын жыйынтыгы тууралуу маалыматты порталга жайгаштыруусу зарыл.
  • Кыргызстандыктар Россияга чектөөсүз түз каттамдар менен гана учуп бара алышат. Алар ар жума күнү «Аэрофлот» жана «Авиа Траффик» компаниялары тарабынан Бишкек — Москва маршруту менен ишке ашырылат.

Башка маршруттар менен башка күндөрү деле учуп кетсе болот. Бирок ал үчүн төмөнкү эрежелерди билүү керек:

  • Россиянын аймагында жакын адамы болсо (аялы же күйөөсү, ата-энеси, балдары, багып алгандары), өздүгүн тастыктаган жана туугандыгын далилдеген документтердин көчүрмөлөрү зарыл;
  • Эгер сиз Россияга өз каалоосу менен жайгаштыруу боюнча мамлекеттик программанын катышуучусу же андай адамдын үй-бүлө мүчөсү болсоңуз, анда өздүгүн тастыктаган документ, бул программа боюнча катышуучу же үй-бүлө мүчөсүнүн күбөлүгү керек;
  • Эгер сиз аталган өлкөгө дарылануу үчүн бара жатсаңыз, анда өздүгүн тастыктаган документ жана Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин же дарыланууга чакырган медициналык мекеменин документтеринин көчүрмөлөрү керек. Анда дарылануу убактысы көрсөтүлүшү шарт;
  • Эгер сиз Россиянын аймагында туруктуу жашасаңыз, анда өздүгүн жана туруктуу жашаганын тастыктаган документ керек;
  • Эгер сиз Россиянын аймагына бир жолу оорулуу тууганды же камкорчуну караганы барганы жатсаңыз, анда өздүгүн тастыктаган документ, оорукчан тууганынын абалы тууралуу медициналык мекемелер жазып берген документтин көчүрмөлөрү жана туугандыгын далилдеген документ керек;
  • Эгер сиз Россиянын аймагына бир жолу жогорку квалификациялык адис же алардын үй-бүлө мүчөсү катары кирсеңиз. Адатта мындай адамдардын тизмеси Россиянын ФСБсы менен ИИМинде болот. Ал тизмени ишкана карамагына кирген аткаруу бийлигинин федералдык органдары жөнөтөт. Бул учурда өздүгүн тастыктаган документтер керек;
  • Эгер сиз консул же дипломатиялык мекемелердин аккредитациядан өткөн же дайындалган кызматкери же алардын үй-бүлө мүчөсү болсоңуз, анда өздүгүн тастыктаган документ керек.

Ушундай эле эрежелер Россиянын аймагына башка өлкөлөрдөн бара турчу Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү.

Кыргызстандын бардык жарандарынын коронавируска тапшырган тестинин жыйынтыгы (терс) болушу керек. Тестти Россияга барганга чейинки үч күндүн ичинде тапшыруу зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар