Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жеке курамына ведомствонун төрагасынын милдетин аткаруучу Максат Асаналиевди тааныштырды.
Адылбек Касымалиев атайын кызматтын жетекчилигине жана кызматкерлерине кайрылып жатып, президенттин тиешелүү чечимин окуп берип, жаңы жетекчинин алдында турган негизги мамлекеттик милдеттерди белгиледи.
Белгилей кетсек, УКМКнын төрагасы кызматына дайындоо үчүн Максат Асаналиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.

