Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы орун басары Даниел Рысалиев Бишкекте кармалды. Бул тууралуу Укук коргоо органдарындагы булактар тастыкташты жана учурда чоо-жайы такталууда.
Алдын ала маалыматтарга караганда, Даниил Рысалиев кечээ, кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Ички иштер министрлигинин Тергөө департаментине алынып келинген. Укук коргоо кызматматкерлери азырынча иш кайсы берене боюнча тергелип жатканын же анын учурдагы абалын жарыялай элек.
Даниил Рысалиев 2025-жылдын декабрынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары болуп иштеп, киберкоопсуздук маселелерин көзөмөлдөгөн. Буга чейин ал чалгын кызматтарында, анын ичинде аймактык бөлүмдөрдү жетектеген.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын февраль айынын башында ал УКМКдагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу кызматынан бошотулган.

