12:39
USD 87.45
EUR 102.07
RUB 1.12

Баткенде милиция кызматкерине пара берүүгө шектүү жаран кармалды

Баткен облусунда ишин оң жагына чечтирүү үчүн милиция кызматкерине пара берүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 10-апрелде облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аткезчилик фактысы боюнча катталган тергөөгө чейинки текшерүү ишин жаап, маселесин оң жагына чечтирүү максатында Лейлек районунун тургуну 200 миң сом акчаны пара катары берип жаткан жеринен кармалган.

Ал Раззаков шаарынын 1996-жылы туулган М.К. аттуу тургуну. Учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар