Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу UWW сайтында кабарланды.
76 килограмм салмактагылар арасында мекендешибиз Кытай Тайбэйинен келген спортчуну жеңди. Ага бир мүнөттөн ашык убакыт кетти.
Эскерте кетсек, Мээрим Жуманазарова дагы чемпионаттын финалына чыкты. Арууке Кадырбек кызы менен Сезим Жуманазарова коло медаль үчүн күрөшөт. Бул беттештер эртең,9-апрелде өтөт.

