Бишкек шаарынын тургуну А.Х. Свердлов райондук милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кайрылган жаран 27-март күнү «Гурман» кафесинде белгисиз адамдар анын чөнтөгүнөн 450 миң сомду жашыруун уурдап, андан кийин качып кетишкенин билдирген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү мурда бир нече жолу соттолгон жана чөнтөк ууру катары каттоодо турган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

