Кыргызстанды болжол менен 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөө бүгүн эртең мененки саат 5:28де катталды.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Өзгөн шаарынан 3 чакырым, Куршаб айылынан 5 чакырым, Кара-Суу шаарынан 30 чакырым жана Ош шаарынан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Калк жыш жайгашкан аймактарда жер титирөөнүн күчү:
- Өзгөндө Мырза-Арык жана Кароол айылдарында — болжол менен 4,5 балл;
- Куршаб, Мырза-Аке, Красный Маяк жана башка айылдарда — 4 балл;
- Кара-Сууда Отуз-Адыр, Курбу-Таш, Ничке-Сай, Салам-Алик айылдарында — 3,5 балл;
- Ошто, Манас, Көк-Янгакта — 3 балл.

