Бүгүн, 2-апрелде Бишкектин айрым бөлүктөрүндө суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы:
- Ала-Арча суусу — темир жол линиясы — Жибек-Жолу проспекти — Ж.Гвардия бульвары;
- Ж.Гвардия бульвары — темир жол линиясы — Фрунзе көчөсү — Манас проспекти;
- Дэн Сяопин проспекти — Ала-Арча суусу — Бөкөнбаев көчөсү — Кулиев көчөсү — Москва көчөсү — Пишпек көчөсү — Фучик көчөсү — Казаков көчөсү.
Суу «Запад-2» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчөт.
«Бишкексууканал» ишканасы ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

