13:47
USD 87.45
EUR 100.28
RUB 1.08

Сокулукта 45,8 млн сомдук 22 жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Сокулукта 45,8 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 2021-жылы Семетей жаңы конушундагы калктуу конуштардын жерлерине тиешелүү 0,88 гектарды түзгөн жер тилкеси 22 жаранга мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында баасы 45 млн 832 миң 283 сомду түзгөн жер тилкелер мамлекеттик менчикке кайтарылды.

Прокуратура жерди пайдалануудагы ушул сыяктуу мыйзам бузууларды аныктоо боюнча иштер уланып жатканын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар