Нарын аймагында 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтуну билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө 31-мартта саат 13:20да катталган.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан аймагында, Кара-Кече айылынан чыгышка карай 17 чакырым, Сары-Иймек айылынан түндүк-батышка карай 19 чакырым, Чаек районунун борборунан түштүк-чыгышка карай 45 чакырым жана Нарындан түндүк-батышка карай 92 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Сары-Иймек жана Кара-Кече айылдарында 2,5 баллга жеткен.

