09:48
USD 87.45
EUR 100.28
RUB 1.08

Бүгүндөн тарта Бишкектин Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкек шаарында бүгүн, 1-апрелден баштап, Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү Салиева көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү жолдорду калыбына келтирүү иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоорго жолду кеңейтүү, жаңы тротуарларды орнотуу, жаңы сугаруу системасын куруу жана эки катмар асфальт-бетон төшөө кирет.

Бул иш-чаралар жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, транспорттук инфраструктураны жакшыртууга жана жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Бишкек мэриясы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну, маршрутуңузду алдын ала пландаштырууну жана альтернативдүү маршруттарды колдонууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар