17:35
USD 87.45
EUR 101.08
RUB 1.07

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы өтөт

Улуттук банк
Фото Улуттук банк. Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы өтөт

Жыл сайын өтүүчү финансылык сабаттуулук боюнча «Дүйнөлүк акча жумалыгы −2026» аттуу маалымат жана билим берүү кампаниясы 30-марттан 3-апрелге чейин Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара «Акчаны акыл менен башкар — үйүңдө береке болсун» деген ураан алдында өлкөнүн бардык аймактарын өзүнө камтып, жаштардын финансылык билимин жогорулатууга басым жасалат.

Иш-чара финансы-кредиттик уюмдар, мамлекеттик органдар, ошондой эле эл аралык жана коомдук институттар менен биргеликте өткөрүлөт. Анын алкагында, коммерциялык банктарга экскурсиялар, билим берүүчү лекциялар, интерактивдүү жолугушуулар, сынактар жана башка тематикалык иш-чаралар уюштурулат.

Global Money Week — бул дүйнөнүн 170тен ашуун өлкөсүндө өткөрүлүп келген жыл сайынкы эл аралык демилге болуп, балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталат.

Эң көп окулган жаңылыктар