18:20
USD 87.45
EUR 101.46
RUB 1.08

Сүйүнчү! Ошто үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом тапшырылды

Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев үч эм төрөгөн энеге акчалай жардам көрсөтүп, 100 миң сом тапшырды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-февралда Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Арык айылынын тургуну Мавлюда Бердигулова үч эмди жарык дүйнөгө алып келген.

Облус башчысы үч эмдин үйүнө барып, эне менен ымыркайлардын ден соолугунан кабар алды.

Ымыркайларга Аиша, Айчырай жана Адинай деген ысымдар берилген.

Дарыгерлер алардын абалы жакшы экенин айтышты.

Эң көп окулган жаңылыктар