Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп Рустам Балтабаев дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал буга чейин өлкөнүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору болуп эмгектенип, тармакты өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырган.
Фото Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы. Рустам Балтабаев айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды
Жаңы кызматында ал кайра иштетүү, органика жана экспорт багыттарында иш алып барат.

