15:00
USD 87.45
EUR 100.82
RUB 1.04

Кыргызстанда 1-апрелден тарта электр энергиясына чектөөлөр алынат

1-апрелден тарта эртең мененки жана кечки жогорку жүктөм сааттарында киргизилген кубаттуулук чектөөлөрү толугу менен алынат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, электр энергиясын керектөө эң жогору болгон убакыттарда — эртең менен саат 06:00дөн 09:00гө чейин жана кечинде 18:00дөн 22:00гө чейин кубаттуулук чектөөлөрү киргизилген эле.

Ага ылайык, 1 фазалуу керектөөчүлөр үчүн кубаттуулук 5 кВттан 3 кВтка чейин, 3 фазалуу керектөөчүлөр үчүн кубаттуулук 8 кВттан 5 кВтка чейин төмөндөтүлгөн.

Чектөөлөр Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн азайышына байланыштуу жана өлкө боюнча өндүрүлгөн электр энергиясын бардык керектөөчүлөргө тең жана үзгүлтүксүз жеткирүү максатында убактылуу киргизилген.

Эң көп окулган жаңылыктар