Бүгүн, 24-мартта Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу өчөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул күнү саат 09:00дөн 24:00гө чейин турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтойт.
Өчүрүү аймагы: Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельская көчөсү, Ала-Арча суусу, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү, ошондой эле Красный Строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын Бешик, Салам Алик конуштары менен чектешет.
Суу берүүнү токтотуунун себеби «Северный» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу болуп жатат.
«Бишкексууканал» ишканасы ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

