2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында Баткенде 3 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 35/10 кВ «Кара-Токой-2», 35/10 кВ «Ак-Турпак» жана 35/6 кВ «Ширеч» көмөк чордондорунда кеңири көлөмдөгү оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.
Мындан сырткары, көмөк чордондордун аймагында санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, коопсуздук талаптарына ылайык тартипке келтирилди. Жабдуулардын үзгүлтүксүз жана коопсуз иштешин камсыз кылуу үчүн бардык техникалык талаптар сакталды.

