Бүгүн АКШ менен Израилдин ракеталык соккуларынан Тегерандын дагы бир жогорку даражалуу аткаминери каза болду.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу өзүнүн басма сөз катчысы Али Мохаммад Наининин каза болгонун тастыктады.
Мурдагы маалыматтарда чалгындоо министри Эсмаил Хатибдин, ошондой эле Ирандын Жогорку Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Лариджанинин жана куралдуу күчтөрдүн командири генерал-майор Голамреза Сулейманинин өлтүрүлгөнү айтылган.
Жалпысынан алганда, Иранга кол салууда 40тан ашык ирандык жогорку кызматтагы чиновниктер каза болгон.

