Эртең, 20-мартта түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0...5, күндүз 12...17;
Таласта түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5, күндүз 8...13;
Нарында түнкүсүн −2...-7, күндүз 3...8.
Бишкек шаарында түнкүсүн 2...4°, күндүз 14...16° жылуу болот.

