18:46
USD 87.45
EUR 100.17
RUB 1.03

Президент Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен Жакынкы Чыгыш кырдаалын талкуулады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-мартта Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жыйында Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялардын алкагында Кыргызстандын улуттук коопсуздугун, анын ичинде азык-түлүк жана энергетика тармактарындагы коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Кыргызстандын стратегиялык объекттеринин тизмеси боюнча сунуштарды беришти.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдардын жетекчилерине, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине тиешелүү тапшырмалар берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар