Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти Кыргызстандан Кытай Эл Республикасына жүгөрү экспорттолуп баштагандыгын билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-мартта жүгөрүнүн алгачкы партиясы экспортко жөнөтүлдү. Партиянын жалпы көлөмү 25 тоннаны түзөт. Экспорттоочу катары «Зиябидин Ата» дыйкан чарбасы чыкты.
Жүгөрү экспортунун башталышы 2022-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда кол коюлган жүгөрүгө карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протоколдун алкагында ишке ашырылды. Бул документ эки өлкө ортосунда айыл чарба продукцияларын экспорттоо үчүн укуктук негиз түзүп, эл аралык стандарттардын сакталышын камсыздайт.
Бүгүнкү күндө Кытайга жүгөрү экспорттоо укугуна эки ата мекендик ишкана ээ. Бул көрсөткүч өлкөнүн экспорттук потенциалы жогорулап жатканын жана фитосанитардык талаптардын талаптагыдай аткарылып жатканын далилдейт.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти мындан ары да өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүп, кыргыз айыл чарба продукциясынын дүйнөлүк рыноктордогу үлүшүн кеңейтүү багытында иштерди улантат.

