11:30
USD 87.45
EUR 100.86
RUB 1.06

Кыргызстанда миңден ашык ветеринар жетишпейт

Кыргызстанга бир миңден ашык ветеринар жетишпейт. Бул тууралуу Биринчи радиодо Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Ветеринардык кызматынын, мал чарбасын өнүктүрүүнүн, жайыттардын жана тоюттун эпизоотиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Абай Казаков билдирди.

Анын айтымында, мал чарба тармагына болжол менен 2300 ветеринар керек. Учурда алардын саны 1 миң 200 гана эмгектенет.

Иллюстративдик
Фото Иллюстративдик

Административдик-аймактык реформа учурунда айыл өкмөттөрдүн саны 400дөн 235ке чейин кыскарган. Алардын 192синде адистер бар, ал эми калгандарында жок. Ошондуктан, үй жаныбарларын эмдөө сыяктуу айрым иш-аракеттерди азыр жеке ветеринарлар жүргүзүшөт.

Эң көп окулган жаңылыктар