Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Орозо айт намазынын программасын жарыялады.
Ага ылайык, 20-март Орозо айт күнү деп белгиленгендиктен Айт намазы жума мечиттерде төмөнкүдөй программанын негизинде өткөрүлөт.
- 07:30 — 08:00 — Куран окуу;
- 08:00 — 08:25 — Диний баяндар;
- 08:25 — 08:30 — Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
- 08:30 — Айт намазын окуу.
Белгиленгендей, тоолуу аймактардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн убактардан бир аз айырмаланышына (жергиликтүү шарттарга жараша) уруксат берилет.

