10:43
USD 87.45
EUR 100.98
RUB 1.10

Бишкекте баңгизат сатууга шектүү кармалды

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери тергөө операциясынын жүрүшүндө баңгизат сатууга шектүү адамды кармашты.

Маалыматка ылайык, милицияга белгисиз жаран күчтүү таасир этүүчү заттарды сатып жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы
Фото Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы. Шектүү

Натыйжада Фучик көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанынан 1995-жылы туулган Ж.О. аттуу жаранды кармалды. Ал баңгизат каражатын сатып жүргөнү аныкталды.

Кармалган учурда анын жанынан өзгөчө жыты бар кара түстөгү зат табылып, алынган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар