Баткен облусунун Лейлек районунда авиакассанын кызматкери авиабилеттерди сатуу шылтоосу менен дээрлик 1,5 миллион сомду өзүнө ыйгарып алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Раззаков шаарындагы авиакассада иштеп жүрүп, жарандардын ишенимине кирип, авиабилет алып берем деген шылтоо менен акча каражаттарын өзүнүн банктык картасына котортуп алып жүргөн. Анын тузагына 13 жаран түшкөн. Тергөөдө арыздануучуларга болжол менен 1,5 миллион сомго жакын материалдык зыян келтиргени аныкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.

