Өткөн жылы 84 мамлекеттик кызматкер тартиптик жазага тартылган. Бул тууралуу Башкы прокурордун орун басары Залкарбек Акназаров Жогорку Кеңештин жыйынында «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» мыйзам долбоорунун экинчи окуусунда билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы Башкы прокуратура кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдын сакталышын 70тен ашык текшерүү жүргүзүп, 172 мыйзам бузууну аныктаган.
«Бир кызмат адамына ченемдик талаптарды (Жаза кодексинин беренеси) аткарбагандыгы үчүн айып пул салынып, 84 аткаминер тартиптик жазага тартылган. Жоопкерчиликке тартылгандар негизинен мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, ошондой эле жеке кызыкчылыгы үчүн декларация тапшырбаган же муниципалдык жана мамлекеттик мүлктү жеке максаттарда колдонгон адамдар болгон», — деп кошумчалады Залкарбек Акназаров.

