02:09
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасы карала элек

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаевге «Массалык башаламандык» уюштуруу боюнча айыбы тагыла элек. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, соттун үй камагына чыгарылсын деген токтомуна карабастан, Атамбаев УКМКнын тергөө абагында отурат.

«УКМК кызматкерлеринин билдирүүсүнө ылайык, Атамбаев массалык дүрбөлөң баштаган деп айыпталууда, бирок муну тастыктаган бир да расмий документ берилген жок. 48 сааттык камакка алуу мөөнөтү аяктады, бирок баш коргоо чарасы да карала элек. Мурдагы президентти эмне үчүн эмдигиче камакта кармагандары да түшүнүксүз», — деди Замир Жоошев.

Эске салсак, УКМК кызматкерлери Ала-Тоо аянтындагы дүрбөлөңдөн кийин, 9-октябрда Алмазбек Атамбаевди кармап кетишти.

Эң көп окулган жаңылыктар