Чүй облусунда күйөөсүн өлтүргөн деп шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 11-мартында саат 12:20 чамасында У.В. аттуу аял Кара-Балта шаарынын Космонавтов көчөсүндөгү үйдө күйөөсү П.А. өлтүрүлгөнү тууралуу билдирген.
Бул факт катталып, окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу чыгарылган.
11-мартына караган түнү үйүндө 1968-жылы туулган У.В. аттуу жаран, 1971-жылы туулган П.А. аттуу күйөөсү менен спирт ичимдиктерин бирге ичип отуруп, ортодо пикир келишпестик чыккан. Андан соң күйөөсү У.Вны сөз менен кемсинтип, моралдык-психологиялык басым кылган. Мындан улам ал ашканага барып, бычак алып келип, диванда отурган күйөөсүнүн мойнун кескен. Күйөөсү П.А. алган жаракаттардан ошол жерде көз жумган.
Окуядан кийин аял үйдү жыйнап, уктап калган. Эртеси күнү милицияга кабар берген.
Окуя болгон жерден бычак алынып, маркумга тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Шектүү аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

