Ала-Бел ашуусунда кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-мартта таңкы саат 06:50дө Бишкек-Ош жолунун 224-чакырымында, Ала-Бел ашуусунда кар көчкү түшкөн. Буга байланыштуу бардык унаалар үчүн каттам эки тараптуу убактылуу жабылды.
Учурда № 23 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техниканын жардамы менен жолду тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Кошумча маалымат кийинчерээк берилет.

