12:59
USD 87.45
EUR 102.50
RUB 1.13

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) Медет кызын февралдын мыкты балбаны атады

Фото UWW

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) Албаниянын Тирана шаарында өткөн рейтингдик турнирдин жыйынтыгын чыгарып, Айпери Медет кызынын сүрөттөрүн жарыялады.

Маалыматка ылайык, 76 кг салмакта күч сынашкан Айпери Медет кызы алтын медаль жеңип, кыз-келиндер арасында февраль айынын мыкты балбаны деп табылды.

UWW
Фото UWW
Кыргызстандык балбан алгач, казак спортчусу Гүлмарал Еркебаеваны 12:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда жеңип алган.

Андан соң, болгариялык Ванеса Георгиеваны 10:0, түркиялык Элмира Ясинди 14:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда утуп алган.

Ал эми финалдык беттеште эквадорлук спортчу Генезис Реаско Вальдез менен беттешип, атаандашын 5:4 эсеби менен жеңип, алтын медалга ээ болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар