Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн тоолуу райондорунда жана автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу жана кар күрткүсү сакталууда. Жолдор тайгак болуп, муз тоңушу ыктымал.
Төмөнкү тилкелер кооптуу бойдон калууда:
- Бишкек — Ош унаа жолу: Төө-Ашуу ашуусу, Чычкан капчыгайы жана Ала-Бел ашуусу;
- Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу: Долон ашуусу;
- Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолу: Чапчыма ашуусу;
- Каракол — Эңилчек унаа жолу: Чоң-Ашуу ашуусу;
- Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолу: 201-205, 260-290 жана Көк-Арт ашуусу;
- Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу: 55-115-чакырымдар;
- Красная-Горка — Акташ унаа жолу: 0-3-чакырымдар.
ӨКМ айдоочуларга тоолуу жолдор менен каттамга чыгууда унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоону сунуштайт. Ошондой эле, унаалардын техникалык абалына көңүл буруп, дөңгөлөк чынжырларын, алгачкы жардам көрсөтүүчү каражаттарды жана алып жүрүү зарыл.

