16:41
USD 87.45
EUR 103.25
RUB 1.14

Кыргызстанда жоогазын фестивалы башталды

Кыргызстанда 2-марттан 10-мартка чейин өтүүчү жоогазын фестивалын баштлды.Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, фестиваль 2-марттан 10-мартка чейин уланат. Иш-чаранын алкагында жоогазын гүлдөрү дүң жана чекене баада сатыкка коюлууда. Баалар 75 сомдон жогору болуп, кардарлар гүлдөрдү дүң жана чекене түрдө сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Фестивалдын негизги максаты — ата мекендик гүл өстүрүүчүлөрдү колдоо, ички рынокто жергиликтүү продукциянын үлүшүн арттыруу жана калкты сапаттуу, экологиялык жактан таза гүлдөр менен камсыз кылуу. Иш-чарада жоогазындын ар түрдүү сорттору сунушталып, өндүрүүчүлөр өз продукциясын түздөн-түз керектөөчүлөргө тааныштырып жатышат.

Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы. Кыргызстанда жоогазын фестивалы башталды.

Мындан тышкары, фестиваль гүл чарбачылыгын өнүктүрүү, жаңы сортторду жайылтуу жана бул тармакка инвестиция тартуу багытындагы демилгелерди илгерилетүүгө өбөлгө түзөт. Иш-чаранын жүрүшүндө адистер тарабынан кеңештер берилип, гүл өстүрүү боюнча тажрыйба алмашуу уюштурулууда.

Эң көп окулган жаңылыктар