14:45
USD 87.45
EUR 103.25
RUB 1.14

ЖКнын ишин жасалма интеллект менен иштеген «Мырза» жана «Айым» чагылдырат

Жогорку Кеңеш парламенттин ишин чагылдырып, анын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат бере турган жасалма интеллект системасын ишке киргизди. Жасалма интеллект менен иштеген теле алып баруучулар парламенттин басма сөз кызматында иштей баштады.

Парламенттен билдиришкендей, «Мырза» жана «Айым» аттуу теле алып баруучулар каралып жаткан маселелер боюнча видеоматериалдарды жана маалыматтык тексттерди даярдап, депутаттардын иши тууралуу коомчулукка маалымат таратышат.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин ишмердүүлүгүн санариптештирүү жана заманбап технологияларды кеңири колдонуу боюнча тапшырма койгон.

Бул демилгенин алкагында парламенттин аппаратына тиешелүү тапшырмалар берилип, кыска мөөнөттүн ичинде бир катар долбоорлор иштелип чыккан. «Мырза» жана «Айым» ошол ишке ашкан долбоорлордун бири болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар