16:18
USD 87.45
EUR 103.22
RUB 1.14

Президент Кумтөр кенинин 2021-жылга чейин жана кийинки кирешелерин салыштырды

Президент Садыр Жапаров «Ынтымак Ордодо» өтүп жаткан республикалык кеңешмеде акыркы беш жылда аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарып жатып, Кумтөр долбооруна токтолду.

Ал долбоор өлкөбүздүн тарыхында мамлекетибиздин экономикасында улуттук ар-намыска жана элдин мамлекетке болгон ишенимине, адилеттүүлүккө шек келтире турган жагдайлар болгонун белгиледи.

«Кыргызстан үчүн мааниси зор бул стратегиялык объектинин айланасында канча жылдар бою талаш-тартыштар, күнөө коюулар, жалаа жабуулар, ар кандай саясий оюндар болуп келди. Элибиз болсо кыргыз алтыны улуттук кызыкчылыктарга ылайык колдонулуп жатабы деген жөнөкөй эле маселени кабыргасынан коюп келген. Саясий ишмердүүлүгүм башталгандан тарта менин негизги позициям — «Кумтөрдү» мамлекетке кайтаруу эле. Кудай берген байлыгыбыз — жаратылыш ресурстары бир тараптуу пайданын булагы болбостон, өлкөгө жана анын жарандарына кызмат кылышы керек экенин ошондо түшүнгөм. Дал ушундай принципиалдуу позиция менен ырааттуу чечимдер кабыл алынып, соңунда мамлекеттин стратегиялык активге болгон көзөмөлүн калыбына келтире алдык», -деди президент

Президент 2021-жылы мамлекетибиздин бекем позициясынын негизинде «Кумтөр» толугу менен Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндүгүн тарыхый мааниге ээ мындай чечим өлкөбүздүн экономикалык көз карандысыздыгын бекемдөөнүн олуттуу этабына айлангандыгын айтты.

 «Биз тандаган багытыбыздан тайбай, туура нукта бара жаткандыгыбызды тастыктай алдык. 2021—2025-жылдары «Кумтөрдүн» өндүрүшүнөн түшкөн жалпы киреше 5 миллиард 115 миллион долларды же 440 миллиард сомдон ашык каражатты түздү. Бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 миллиард 176 миллион доллар же 100 миллиард сомдон ашык акча каражаты түштү. Мындан тышкары, акыркы төрт жылда мамлекет 441 миллион доллар же 38 миллиард сомдон ашык дивиденд алды.

Тарых үчүн салыштырып айта кетейин, 1994-2021-жылдар аралыгында Кыргызстан «Кумтөрдөн» болгону 100 миллион доллар дивиденд алган. 410 тонна алтын чыгып кетсе, ошонун 1 тоннасы гана Кыргызстандын пайдасы болгон. Ал эми бүгүн «Кумтөр» бюджеттин туруктуу киреше булагы болуп, социалдык милдеттенмелерди жана инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоого кызмат кылууда», -деди президент.

Эң көп окулган жаңылыктар