Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ак-Суу районунда кош бойлуу болгон 16 жаштагы кыздын укуктарын коргоо үчүн бул ишти жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-февралда институттун Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү үй-бүлөгө барып, жеринде маалымат алды. Үй-бүлө Ак-Суу районунда жашайт. Боюна бүтүп калган М.Ж. — үйдүн улуу кызы, кесиптик лицейде окуйт. Анын 15 жана 6 жаштагы эки сиңдиси жана 14 жаштагы иниси бар. Учурда балдар таежесинин карамагында. Жакын арада расмий камкорчу дайындоо маселеси чечилет. Кош бойлуу кыз азыр туугандары менен үйүндө.
Акыйкатчы укук коргоо органдарын ишти кылдат териштирип, калыс чечим чыгарууга чакырды. Ошондой эле төрт баланын апасынын өлүмү боюнча да өзүнчө текшерүү жүргүзүлүшү керектигин билдирди.
Белгилей кетсек, 25-февралда ооруканадан кыздын кош бойлуу экени тууралуу милицияга кабар берилген. Апасы суракка катышуудан баш тартып, суу сатып келүү үчүн дүкөнгө чыгып кеткен. Сурак райондук үй-бүлөнү жана балдарды коргоо кызматкеринин катышуусунда жүргүзүлгөн.
Кийин аял райондук ички иштер бөлүмүнүн унаа токтотуучу жайында өзүнө өрт коюп, ооруканада каза болгон. Ал 40 жашта болчу.
Жергиликтүү бийлик органдарынын маалыматы боюнча, маркум аял төрт баланы жалгыз багып келген. Үй-бүлө аз камсыз болгон катары каттоодо турган. 2018-жылдан бери жөлөк пул алып жүргөн. Өткөн жылы кайрымдуулук фонддордун жардамы менен үй салынып берилген. Айыл өкмөтү да материалдык жардам көрсөтүп турган.

