2025-жылы кырктан ашык калктуу конуштар ичүүчү суу менен камсыз болгон. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда «Ынтымак Ордодо» өтүп жаткан республикалык кеңешмеде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков билдирди.
Анын айтымында, бул 75 миң адамга таза суу менен камсыздоого мүмкүндүк берди.
«Бул максаттар үчүн бюджеттен 3,7 миллиард сом бөлүндү. Мындан тышкары, учурда 25 шаарда жана 601 айылда суу менен камсыздоо системалары курулуп жатат. 2026-жылы биз дагы 70 айылды жана үч шаарды ичүүчү суу менен камсыз кылууну пландап жатабыз», — деп кошумчалады Эрлист Акунбеков.

